10-11-сентябрь Кызыл-Булак мультимедиа борборунда жаңылыктарды даярдоо боюнча тренинг болуп өттү. Окутуу DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулуп, 17 волонтер катышты.
Тренингде волонтерлор интервью алууну, текст менен иштөөнү үйрөнүштү. Мындан сырткары жаңылык даярдоонун стандарттары менен кенен таанышып, макаланы даярдап сайтка чыгарууну биле алышты.
Бул тууралуу Кызыл-Булак мультимедиа борборунун жетекчиси Чынара Нурманова билдирди:
“Кызыл-Булак мультимедиа борборуна жаңы волонтерлорду кабыл алганбыз. Ошондуктан мультимедиа борбордун ишин жакшыртуу максатында тренинг өтүлдү. Окутууну kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова өттү. Тренингге жалпы 17 волонтер катышып жаңылык жазууну жана сайтка жайгаштырууну үйрөнө алышты. Тренинг абдан кызыктуу болуп катышуучулар эки саат убакыт ичинде төрт макалага маалымат жыйнай алышты. Волонтерлордун даярдаган макалалары kyrgyzmedia.kg сайтына чыгарылды”.