Кочкор, Шапак, Кара-Тоо жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери жана кабарчылары үчүн эки күндүк тренинг болуп өттү. Тренингди kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова өтүп, катышуучулар аудиосюжет жасоо ыкмаларын аудиомонтаж даярдоону үйрөнүштү.
Kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова
Тренинг учурунда катышуучулар аудиосюжет даярдап kyrgyzmedia.kg сайтына чыгарышкан. Бул тууралуу Кочкор жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Нурия Карымбаева билдирди:
“Кочкор жамааттык мультимедиа борборунан эки волонтерум менен барып катыштык. Окутууда аудиосюжетти туура даярдоону, кереги жок үндү алып салуу жана башка ушул сыяктуу көндүмдөрдү үйрөндүк. Тренингде практика катары аудиосюжеттерди даярдап сайтка жайгаштырдык. Бул окутуудан алган билимибизди аткарган ишибизде колдонуп турабыз. Биз үчүн бул тренинг абдан пайдалуу болду”.
Трениг DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулуп, 10-11-сентябрда Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде болду.