15-16-сентябрь күндөрү Жамааттык Медианын журналисти, видеографы Тимурлан Мелисбеков «Ооган-Талаа» жамааттык медиа борборунун кабарчы, ыктыярчыларына видео тартуу, монтаждоо боюнча семинар өттү. Катышуучулар өз алдынча видео репортаж жасаганды, аны монтаждоону үйрөнүштү.
Кочкор, Шапак, Кара-Тоо жамааттык мультимедиа борборлорунун жетекчилери жана кабарчылары үчүн эки күндүк тренинг болуп өттү. Тренингди kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова өтүп, катышуучулар аудиосюжет жасоо ыкмаларын аудиомонтаж даярдоону үйрөнүштү.