6-7-июлда Кочкор районундагы Чолпон айылында жайгашкан “Чолпон” жамааттык мультимедиа борборунда эки күндүк тренинг өтүлдү. Тренинг мультимедиа борбордун ишин жакшыртуу максатында DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулду.
Тренинге волонтерлордон сырткары “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбордун ишмердүүлүгүнө кызыккан мугалимдер да катышты. Окутууда катышуучулар ар тараптуу билим ала алышты. Тренингди kyrgyzmedia.kg сайтынын редактору Айзада Калканбекова өттү.
Айзада Калканбекованын айтымында тренинг ар тараптуу болуп катышуучулар денгээлине жараша билим ала алышты. Тренингде жаңылык жазуу эрежелери, сайтка малымат коюу, видео жасоо, кадрларды туура алуу, телефондон монтаж кылуу көндүмдөрү үйрөтүлдү.
Тренингде “Чолпон” жамааттык мультимедиа борборунун координатору болуп Гулира Сатарова шайланды. Анын айтымында аймактык маалыматтарды жайылтып, элдин көйгөйүн чечүүгө аракет кылуу мультимедиа борбордун башкы максаттарынын бири жана максатка жетүүдө тренингден алган билимдердин мааниси чоң экендигин белгиледи:
“Чолпон” мультимедиа борбордун максаттарынын бири айыл аймакта болуп жаткан маалыматтардын жайылтып, элдин көйгөйүн чечүүгө аракет кылуу. Элди позитивдүүлугүн арттыруу үчүн мотивация ирээтинде ишкер, уникалдуу адамдар тууралуу макала даярдап чыгаруу. Мультимедиа борбордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн эки күндүк тренингде биз көп маалыматтарды биле алдык. Жогоруда айтып кеткен максаттарга жетүү үчүн окутууда алган билимди иш жүзүндө колдоно баштадык”.
Эскерте кетсек тренинг учурунда волонтерлор эки макала жана бир видео сюжет даярдап kyrgyzmedia.kg сайтына чыгарышты.