3-4-июль күндөрү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында жайгашкан Нур ФМ мультимедиа борборунун ишин жакшыртуу максатында тренинг болуп өттү. Тренинг DW Академиясынын колдоосунда уюштурулду.
Тренингди kyrgyzmedia.kg сайтынын редактору Айзада Калканбекова өттү. Окутууда катышуучулар текст менен иштөөнү, макала жазууну, сүрөткө туура тартууну, интервью алууну үйрөнө алышты.
“Нур Фм мультимедиа борборуна волонтерлору 9-11-класстын окуучулары болгондуктан мектепти бүтүп кетишти. Биз кайрадан Тасма, жана Тогузбай айылынан волонтерлорду кабыл алдык. 3-4-июль kyrgyzmedia.kg сайтынын редактору Айзада Калканбекова Тасма айылына келип волонтерлорго тренинг өттү. Тренинг катышуучуларга абдан кызыктуу болуп көп нерсени үйрөнө алышты. Мультимедиа борбор 2014-жылдан бери иштеп келе жатат”-деп билдирди Нур ФМ мультимедиа борборунун жетекчиси Гүлназ Жумагулова.