Журналист Сабыр Абдымомунов Сары-Булуң айылында жайгашкан “Тогуз-Торо FM” радиосунун волонтерлоруна эки күндүк тренинг өттү. Тренингдин башкы максаты айылдагы жамааттык радионун ишин жакшыртуу.
Окутуунун катышуучулары радионун ишин туура программалоону жана музыка менен иштөөнү, эфирди жасалгалоо тууралуу көндүмдөрдү үйрөнө алышты. Үналгы 105.1 толкунунда бүткүл Тогуз-Торо районунда тартат. «Тогуз-Торо FM» радиосу 2022-жылдын 23-апрель айында ишке кирген.
«Окутууга волонтёрлордон тышкары радионун ишмердүүлүгүнө кызыккан Сары-Булуң айылынын жана Атай айыл аймагынын тургундары катышты. Тренингден кийин жаны идеялар пайда болуп радионун ишмердүүлүгү артат деп ишенем»,- деп билдирди «Тогуз-Торо FM» радиосунун жетекчиси Анара Мааметова.
Зарина Сталбекова Атай айыл аймагына карашттуу Мукай Аттокуров атындагы маданият үйүнүн жетекчиси. Ал “Тогуз-Торо FM” радиосунун ишмердүүлүгүнө кызыгып, тренингге катышуу үчүн атайын Сары-Булуң айылына келген.
“Тренинг катышуучуларга абдан кызыктуу жана пайдалуу болду. Окутууда биз жаңылык жазуу структураларын, интервью алууда суроолорду туура жана так берүүнү жана башка көп деген билимдерди ала алдык. Тренингден кийин Атай айыл аймагындагы болуп жаткан жаңылыктарды “Тогуз-Торо FM” радиосу аркылуу элге маалымат берип туралы деп жатабыз. Мындан тышкары дагы алдыда көп пландар бар, анын бардыгын ишке ашырабыз деген ойдомун” — дейт Зарина Сталбекова.
Эскерте кетсек, тренинг DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылды.