«Аймак» Жамааттык мультимедиа борборунда 8-9-июнь күндөрү тренинг өтүлдү. Тренингге 15 волонтёр катышып, DW Академиясынын колдоосу менен уюштурулду.
Окутууну Жамааттык ЖМКлар бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова өттү. Эки күндүк тренингдин алкагында волонтёрлор макала жазууну, сүрөттү туура тартууну, текст менен иштөөнү, интервью алууну үйрөнө алышты.
«Аймак» жамааттык мультимедиа борборунун жеке сайты ачылып, окутуунун алкагында кабарчылар алты макала жазып сайтка чыгарышты.
«Аймак» мультимедиа борбору Чүй облусунун Сокулук районунагы Восточное айылында жайгашкан. Бул айыл аймакта басымдуу бөлүк кавказ улутундагылар болгондуктан, кыргыздын салтына, маданиятына кызыгышат. Ал эми бул жамааттык мультимедиа борбор аркылуу элдин талабына жооп берген кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды берип турсак болот дейт мультимедиа борбордун жетекчиси Темирлан-Али Абдыбеков.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 24-март күнү Жамааттык ЖМКлар бирлигинин өткөргөн жолугушуусунда «Аймак» жамааттык мультимедиа борбору мүчөлүккө кабыл алынган.