2022-жылдын 27-28-октябрында Чүй облустук мектеп-гимназиясында “Ала-Арча» медиасынын кабарчылары үчүн жаңылык жазуу, сайтка чыгаруу боюнча базалык семинары өткөрүлдү. Семинарга 8-11-класстын окуучулары катышты. Семинар Жамааттык медиалардын бирлиги тарабынан уюштурулуп, катышуучулар үчүн керектүү колдонмолор таратылып берилди.
Жамааттык медиа тууралуу Ала-Арча медиасынын жетекчиси Назүл Курманбекова буларды айтты – “Биз 2021-жылы “Ала-Арча” нарк коомдук фондун түзүп Жамааттык ЖМКлардын Бирлигине мүчө болуп кирип, биз үчүн сайт ачылды. Анын жетекчиси мен Назгүл Курманбекова. Биз бул жамааттык медиа жөнүндө ИСУР коомдук фондусунан маалымат алып, техникалык колдоо алганбыз. Ала-Арча медиасын ачканыбыздын максаты башка масштабдуу медиалар республикалык деңгээлдеги жаңылыктарды чыгарышат дагы, ал эми биздин Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы жаңылыгыбыз анчалык көп деңгээлде чагылдырылбайт. Биздин айылда, мектепте дагы көп жаңылыктар болуп турат. Ошол жаңылыктар менен бөлүшүп туруу биздин максатыбыз”
Назгуль Курманбекова
Ала-арча жамааттык медиасынын кабарчылары
Раатбек Бактыбек уулу, Абдукадыр Алтынбеков, Айганыш