Акталаада жаңы айылдын курулушу үчүн элдик марафон өтөт. Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылында жаңы түптөлө турчу Ак-Тилек айылына бир катар социалдык объектилерди куруу максатында элдик марафон өткөрүлөт.
Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Чиркеевдин айтканына караганда жаңы айыл үчүн “Катар” эл аралык уюму тарабынан 30млн каражат каралган.
Ак-Тилек айылына курулуучу социалдык обьектилердин долбоору
“Өздүк салым катары 5млн.акча каражаты зарыл. Учурда жергиликтүү бюджетте 2млн. сомго жакын акча каражаты бар. Ал эми калган каражатты чогултуу үчүн 24-октябрда Ак-Чий айылындагы маданият үйүндө элдик марафон өтөт. Негизи уюмдун өкүлдөрүнө даяр долбоорду сунуштап көрсөк, жардам берүүгө макул болушту”,- дейт.
Ак-Чий айылынын сырткы көрүнүшү
Жаан-чачында сел жүрүп, коркунуч жаратып келген
Эске сала кетсек, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан азыркы учурдагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы жайгашкан чөлкөмдө эл жашаганга болбойт деген чечим чыгарылган. Себеби, бул эки айыл жайгашкан чөлкөмдө жаан-чачын жана жаз мезгилинде дайым сел жүрүп, айылга коркунуч жаралып келгендиктен улам эки айылды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чыгарылган чечимдин негизинде Кара-Коо чөлкөмү тандалып алынган. Ак-Тилек айылын түптөө үчүн Кара-Коо чөлкөмүнөн 147 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Жаңы айылдын генпланы түзүлүп, генплан боюнча жалпы 432 кожолук, заманбап үлгүдөгү 71 туанхаус, 2-3 кабаттуу 34 үй, 270 орундуу 2 мектеп, 1 мечит, 4 бала бакча жана башка ушул сыяктуу обьектилерди курулмакчы болгон.
Ал эми жаңы түшө турчу калктуу конуштун аты Ак-Чий айылынын «Ак» деген сөзүн жана Жаңы-Тилек айылынын «Тилек» деген сөзүнөн алынып, Ак-Тилек айыл аймагы деп аталды.
Барчын Мамытбекова