Талас шаарынын тургундары нан калдыктарын башка таштандылар менен чогуу ыргытышчу. Бул көрүнүш Талас шаарынын тургуну Жоомарт Досумбековту ойлондурган. Ал көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп таап, таштанды төгүүчү жайда өзүнчө нан үчүн урналарды жасап чыкты.
Жоомарт kyrgyzmedia.kg сайтына төмөнкүлөрдү билдирди: «Кыргыз эли нанга абдан сый мамиле кылган, азыр болсо минтип таштандыда тебеленип калды. Бул көйгөй мени ойго салып келген. Мен ютубтан бишкектик активисттер «Нан үчүн гана» деген долбоор ишке ашырып, нандын калдыктарын чогултуп кайра иштете турганын билдим. Алар таштанды коюлган жерге өзүнчө нан салганга эле урналарды коюшат экен. Бул демилге мага абдан жакты. Мен дароо эле активисттер менен байланышып биздин шаарга да коюуну чечтим. Алар колдоду. Бир ай ичинде өз колум менен 3 урна жасадым.
Талас шаарынын мэриясынан уруксат алып, турак жайлар жайгашкан жердеги таштанды салуучу жерлерге койдум. Эртеси күнү эле барсам нан калдыктары чогула баштаптыр. Келечекте өз үйүмдөн чакан цех ачып, нандарды кайра малга жем кылып чыгаруу максатым бар».
Талас шаарындагы көп турак жай жайгашкан 59 кварталдын тургуну Асель буларды айтты: «Бул абдан жакшы демилге. Биз кабаттуу үйлөрдө жашаган соң, каткан нандарды баштыкчага эле чогултуп койчубуз. Көп турса алар көгөрүп, жыттана баштайт. Айла жок, таштанды сала турган урналардын четине алып барып иттер жеп кетет деп койчубуз. Бул урна абдан жакшы болду. Эми ушул жакка эле салып коебуз».
Айгул Сакеева