Күз мезгилинин келиши менен Оттук айылында «Мыкты гүл бакча» сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Белгилей кетсек, бул сынак айылдагы Аялдар кеңеши тарабынан жаз мезгилинде жарыяланып, айыл ичинде жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жакшыртуу максатын көздөгөн.
Сынактын жыйынтыктоочу аземи Оттук айылындагы Жээнбай Мамбеталиев атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо аземине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Анара Орозказиева, жергиликтүү бийликтин депутаттары жана айыл тургундары катышышты.
Келген меймандар үчүн Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин «Жаш таланттар» ийриминин окуучулары майрамдык маанай тартуулашты.
Катышуучулардын эмгегин баалоо үчүн атайын калыстар тобу түзүлүп, жай бою көзөмөл жүргүзүлүп жатты. Жыйынтыгында, Гран-Прини Сайрагүл Үрүстөмөва, биринчи орунду Зуура Арыбекова, экинчи орунду Сабыркүл Ибраева, үчүнчү орунду Айнур Малабаева ээлешти. Жеңүүчүлөргө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Акдак грамотасы, белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Муну менен катар активдүү катышкан беш катышуучуга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.
Биринчи орунду камсыз кылган Зуура Арыбековага Оттук айылынын тургуну Айнагүл Акунова үй бүлөлүк «Сулайман ата, Салкын апа» кайрымдуулук фондунун атынан атайын белек тапшырды.
Оттук айылындагы Аялдар кеңешинин төрайымы Төлөбүбү Бополоңова мындай сынактарды жыл сайын өткөрүлөрүн баса белгилейт. Ал мындай сынактар адамдарды эмгекке, табият менен таттуу мамиледе болууга, убакытты туура пайдаланууга үйрөтөөрүн айтат:
«Айылыбызды көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатында биз жазында «Мыкты Гүл бакча» сынагын жарыялаганбыз. Сынактын шарттарына ылайык жеңүүчүлөр күз мезгилинде аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Сайра эжебиз жеке эле өзүнүн бакчасын гүлдөтпөстөн Оттук айылындагы китепканада бекер иштеп, айланасын көрктөндүрүп, 17 гүлдүн түрүн отургузуп, мыкты иштерди жасап бере алгандыгы үчүн Гран-Прини берүүнү туура көрдүк. Ал эми Зуура апабыздын эки бакчасына күбө болдук. Жеке эле бакчасын эмес үйүнүн ичинде да ар түрдүү гүлдөрдү өстүрүп, кооздук тартуулагандыгы үчүн биринчи орунду бердик. Сабыркүл эжекебиз да бакчасына түрдүү гүлдөрдү отургузуп, абдан сонун аянтча жасаган. Ал эми Айнура эжебиздин гүлдөрү да өзүнчө бир керемет. Айтоор, баардык катышуучулардын эмгектерин баалап, демөөчүлөр тарабынан даярдалган белектерди тапшыра алдык. Мындан ары бул сынак буюрса жыл сайын өткөрүлүп турат. Белгилей кетчү нерсе, бул сынакка жеке эле аялдар эмес, эркек жолдоштор да активдүүлүгүн көрсөтө алышкан. Мыкты бакчалардын катарын Кубанычбек Жунусовдун бакчасы да толуктай алды».
Акылай Алмазбекова