Төлөк айылында ички жолдор оңдоло баштаган. Алгач жолдор түзөлүп, кум-шагыл төгүлгөн. Эми болсо көпүрөлөр коюлат.

Көпүрөлөргө коюлуучу түтүкчөлөр келип түштү
«Айылга жалпы 21 даана көпүрөлөр үчүн түтүкчөлөр келип түштү. Бул түтүкчөлөр Кочкор райондук өнүктүрү фондусу тарабынан каржыланып, жалпы 252 000 (эки жүз элүү эки миң) сом акча каражаты жумшалды. Башкача айтканда, ар бир түтүкчө 12 000 сомго бааланды. Бул түтүкчөлөр айылдын ички жолдорундагы суу өтүүчү жолдордун ортосуна көпүрө болуп салынат. Салына турган түтүкчөлөрдүн эки чети цемент менен бекемделет. Андан сырткары түтүкчөлөрдү айыл эли өздөрү салышат. Ар бир иштеген адам иш акысына Социалдык фонт тарабынан 15 литр суу май , 3 мүшөк ун алышат. Жалпы иштей турган 20 адам бар. Бул иш план боюнча бир аптада толук бүтүрүлөт. Ошентип быйылкы жылга көрсөтүлгөн иштин дагы бири бүтөт», — дейт Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүндүк Табалдиев.

Түтүкчөлөр 25-октябрда коюла баштады
Хадижа Төлөбалдиева