«Фаризат» бала бакчасы бир нече жылдан бери иштеп келет. Анда кенже жана улуу тайпалардан турган эки группа балдар тарбияланат. Ал балдар үчүн Айылдык Кеңештин депутаттары каржылык кылып, бир нече эмерек алып беришти.
«Мурун бала бакчага эмеректер жетиштүү эмес болчу. Азыр бизге жаңы эмеректер келип ишибиз жеңилдеп калды. Айрыкча кир жууган кызматкерибизге кышында ушунча баланын шейшептерин жууган өтө эле оор болчу. Нан бышыраарда ашпозчу бир күн кечке нан бышырып отураар эле. Ысык суубуз жок болчу, балдарга сууну жылытып куюп берчүбүз. Эми минтип заманбапташып баратабыз»- дейт бала бакчанын кызматкери Гүлзина Кылычова.
«Бала бакчага айылдык бюджеттен атайын акча каралган. «Фаризат» бала бакчасы ачылгандан бери эмеректер менен толук камсыз болгон эмес. Ошол себептен бала бакчанын жетекчиси Нурзат Исмаилова жазып келген кагазынын негизинде каражат бөлүп бергенбиз. Учурда чарбалык максаттар үчүн буюмдар жана материалдарды алууга баардык бөлүп берген чыгымыбыз 55 миң сом болду. Эмерек жана офис жабдууларын алуу үчүн 289 800 сом каражат бөлүнгөн.
Анын ичинде балдар ойноп жаткан бөлмөнүн астындагы килемдер жука болуп сыз өтүп жаткандыктан жакшыраак килем алалы деп үч килемге буйрутма бергенбиз. Бирок тилекке каршы алар келе элек. Ал эми бөлүнгөн акчага нан жана тамак-аш бышырганга газ плита, кир жууган машина, аристон, кошумча тамак жасоого плитка, музыкалык аппарат алынып берилди. Булардын баары ушул тапта келип, орнотулуп, иштетилип жатат», -дейт айылдык кеңешти депутаты Салтанат Абласова.
Бала бакчага алынып келген эмеректер толугу менен орнотулуп, учурда колдонулуп жатат. Алар төмөнкүлөр:
Анжелика Сеиталиева