Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин мектеп окуучуларынан түзүлгөн «Берен» тайпасы айыл тургундары үчүн экологиялык маданиятты калыптандыруу багытында «Жаркын жашоо тазалыкка жаңы кадам» аттуу сынак жарыялашып, сынактын максатына ылайык айыл эли таштандыларды бөлүп таштоого үйрөнүштү.
Сынак 6 ай бою уланып жыйынтыгы декабрь айында чыгарылды. Жеңүүчүлөргө 1-даражадагы диплом жана 1500сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Мындан сырткары, мектептин ишинде жакшы иш алып барып жаткан Азима Токтосунова, Нургүл Сыдыгалиева, Бактыгүл Асанкулова жетектеген «Биоландия», Гүлзада Жангазиева жетектеген «Чебер колдор» ийримдеринин окуучуларына диплом жана 2000 сом акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ал эми Нурайым Тоюнбек кызы жана Акылай Алмазбекова жетектеген «Мезгил үнү & Ай-Ти» ийриминин окуучулары маалыматтарды коомчулукка жайылтууда зор салымы үчүн диплом жана 5000 сом акчалай сыйлыктын ээси боло алышты.
«Биз үчүн бул күтүлбөгөн белек болду десем жаңылышпайм. Мектеп, айыл ичиндеги жаңылыктарды, кулактандырууларды коомчулукка жайылтууда ийримдин окуучуларынын эмгеги зор. Биз бир эле ийрим менен чектелбестен, робот техникасы боюнча жаңы ийрим ачууну пландап жатабыз. Бул берилген акчалай сыйлыкка биз кошумча каражат кошуп, робот техникасына керектүү материалдарды алууга жумшайбыз. «Берен» тайпасынын мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз,- дейт ийрим жетекчиси Акылай Алмазбекова.
«Сынакты өткөрүү менен таштандыларды бөлүп таштоо бул ар бирибиздин милдетибиз экендигине ынанып, баардыгыбыз четте калбай аракеттенсек ишибиз сөзсүз өзүнүн жемишин берет деген ишеничтебиз, -дейт «Берен» тайпасынын мүчөсү Эрбол Кариев.
Акбермет Руслан кызы