Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар — ачык ЖМК» долбоору «Бийликтин, жаран коомунун жана медианын социалдык өнөктөштүгү» деген темада жыйынтыктоочу конференцияны өткөрдү. Анда долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн бардык компоненттери боюнча жыйынтыгы чыгарылды, мындан тышкары, өнөктөштүктүн абалы, көйгөйлөрү жана келечектеги пландары талкууланып резолюция иштелип чыкты.
Долбоордун алкагында 2 жыл ичинде жарандарды активдүү болгонго ошондой эле сөз эркиндиги, адам укугун корго жана медиа сабаттуулугун жогорулатуу багытында иштер жүрдү. Өлкө аймактарындагы активдүү жарандар кичи коомдук кеңешме түзүп айылдагы көйгөйлөрдү алып чыгып, чечкенге жетишти. Жалал-Абад облусунун кичи коомдук кеңешинин лидери Анаркуль Машаева мындай дейт:

«Кыргызстан аймактардан башталат. Биз, кичи коомдук кеңештердин активисттери жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн актуалдуу жана натыйжалуу кыймыл катары керекпиз».
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө кичи коомдук кеңештер жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик органдар, жарандык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн жана аймактардагы көйгөйлөрдү системалык негизде чечүүдө натыйжалуу көпүрө болушарын айтты.

КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева долбоордун алкагында жасалган иштер мындан ары уланып, өнүгүүсү керек экенин белгиледи:

«Долбоордун алкагында көп иштер жасалды. Ишке ашты. Ички жана сырткы миграция, социалдык маселелер көтөрүлдү. Өлкө аймагында көп тренигдерди уюштурдук. Медиа сабаттуулук, укуктук сабаттуулук сыяктуу бул иштер мындан ары сакталып Уландысын каалайм. Биз жасаган ишьер мындан ары өнүгүшүнө каалайм.”
Мамлекеттик органдарынын координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров коомдук аянтчалар аркылуу мамлекет менен жарандык коомдун маектешүүсү үзгүлтүксүз болушу зарыл:

“Бул долбоор уникалдуу болуп турду. Жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуп, баарлашып көп көйгөйлөрдү талдап анын барын биле алдык. Аларды кантип чечсе болот, мамлекет кандай жардам бере аларын. Элдин активдүү түрдө өзүнүн жашоосун оңдойм деген сунуштарын берип жатканына күбө болдук. Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында миграция маселеси бар.”
Долбоордун алкагында төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
• 2020-жылдын башында максаттуу аймактарда аярлуу топтордун эң актуалдуу маселелерде сөз эркиндигин жана ой-пикирлерди билдирүү деңгээлин аныктоого жана ачып көрсөтүүгө багытталган изилдөө өткөрүлдү
• Долбоордун негизги өнөктөштөрү менен кызматташуу жөнүндө 12 меморандумга кол коюлду;
• Медиа, коомдук активисттер жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрүнө пандемия шарттарында санариптик сабаттуулук, социалдык медиадагы жумуш жана адам укуктары боюнча 23 окутуу тренингтер өткөрүлдү.
• Окутуу тренингдердин натыйжасы боюнча кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрүнө жана коомдук активисттер үчүн 23 каскаддуу тренинг өтүлдү;
• Пандемия учурунда актуалдуу темаларга арналган 12 онлайн вебинар жана түз эфирлер өткөрүлдү, алар долбоордун фейсбуктагы баракчасы аркылуу көрсөтүлүп турду. Эфирлердин темалары жана катышуучулары долбоордун максаттуу топторунун суроолору боюнча аныкталды.
• Пандемия учурунда маалымат менен алмашуу үчүн онлайн-штаб түзүлдү.
• 2020-2021-жылдары «Ачык Кыргызстан» деген журналисттер үчүн 2 кароо-сынак өткөрүлдү.
• 21 Коомдук кеңеш үчүн 10 медиаплан иштелип чыкты.
• Кыргыз Республикасынын ар бир аймагында 8 Маектешүү аянтчалары өткөрүлдү, алардын максаты жергиликтүү жана мамлекеттик органдарынын, коомдук кеңештеринин массалык маалымат каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүн куруу болуп саналат.
• Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту менен өнөктөштүктө 15 ТВ-программалар тартылды.
• 15 ТВ-программа Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту менен биргеликте тартылды;
• Аймактык катышуучулар үчүн социалдык тармактарда 7 баракча, 7 онлайн-топтор ачылды.
• Аярлуу топтор үчүн адам укугун коргоо боюнча 4 окуу китепче, маалыматтык брошюра, видео, роликтер жана башка басылмалар (тренингтердин материалдары) иштелип чыкты.
• Долбоордун кичи-гранттык программанын алкагында 8 долбоордук демилге колдоо тапты.
• 2021 жылдын 15- декабрына карата ишке ашыруучу уюмдардын веб-сайттын статистикасы боюнча долбоордун социалдык тармактардакамтылышынын жалпы сандык көрсөткүчү 483 172 адамды түздү.
Конференциянын катышуучулары жарандык коом коомдук кеңештердин, жарандык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, муниципалдык бийликтин жана медианын атынан бардык чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерде коомдук көзөмөлдүн актуалдуу багыттары боюнча системалык жумушту жөнгө салышы керек экендигине жана мамлекеттик маалыматтык саясатты камсыз кылуу зарыл деген жыйынтыкка келишти.
Айымжан Иманалиева: “Эл-Үнү” медиа борбору аркылуу коомдук эркин пикирди калыптандыруу боюнча иш алып баруудабыз”
Алмаз Исманов: ”Экология жана миграция маселелери өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кездешет”
Айгерим Кубатбекова