Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылык жолуна арналган иш-чаралар жыйынтыкталды. Ага окуучулар, мугалимдер жамааты жигердүү катышып, ар кандай сынактар уюштурулду.

Мектептин кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси Гүлбарчын Мамытбекованын айтымында иш-чара бир канча бөлүктөрдөн турду.

Окуучулар тарткан фильмдер көрсөтүлдү

Викториналык линейкага окуучулар жигердүү катышты
“Тактап айтканда “Жазуучунун чыгармалары окуучулардын кыл калеминде” аттуу сүрөт көргөзмө, дубал гезиттер чыгарылды. Мындан сырткары жазуучунун чыгармалары боюнча окуучулар тарткан кинофильмдерден үзүндүлөрдү көрсөтүлдү. Окуучулардын эмгеги мугалимдердин сысына коюлду. Жыйынтыгын жакында чыгарабыз»,- деди.

«Делбирим» командасы

«Кызыл жоолук жалжалым» командасы

«Алга» командасы
Иш-чаранын үчүнчү бөлүгүндө мугалимдер арасындагы интеллектуалдык оюн өттү. Анда мугалимдердин “Алга”,”Делбирим”,”Кызыл жоолук жалжалым” командаларынан турган 3 топ ар кандай суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткарышты. Оюн Ч.Айтматовдун өмүр чыгармачылык жолуна байланыштуу болду.
Жыйынтыгында “Кызыл жоолук жалжалым” командасы жеңишке ээ болду.
Бул темадагы макалаларды дагы окуңуз:
Окуучулар Айтматовдун каармандарын сахналаштырышты
Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адамзат үчүн чоң мектеп
Акбар Кеңешбеков, Аксана Жусупова