Айылдык китепкананын имараты Кыргызпочтага карагандыктан Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин эски имаратына көчүп келүүгө мажбур болушту. Китепкананын жетекчиси кандай пайда тапты жана эмне көйгөйлөр жаралгандыгын айтып берди.
Чолпон айылдык №3 китепкананын башчысы Динара Кадырова:»Биз шартка байланыштуу эски имаратта эмгектенип келебиз. Айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз болгондуктан бул жакка көчүп келдик. Бул жакта көйгөйлүү маселелер да жок эмес. Ошол маселелерди акырындык менен оңдоп келе жатабыз. Эшик, терезелерин өз каражатыбыздан которуп, ремонт иштерин кылууга 3ай убакыт кетти.
Мурунку китепканага салыштырмалуу кичине кеңейди. Себеби мурун тар жана муздак болчу. Бирок бул жактын чоң көйгөй, жылуулук системасы жок кышында кыйынчылыкты жаратарын да белгилүү. Бул маселени чечип берүүнү суранат элем. Учурда китеп фондунда 6241 китеп бар. Анын ичинен 4000 орус тилинде, 2000 кыргыз тилинде. Айына 20 жаңы китеп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептери келип турат. Мен келип иштеп баштаганда жомок китептер өтө эле эски болчу. Азыр атайын балдарга англис тилинде, орус жана кыргыз тилдериндеги китептерди буйрутма менен алам. Бүгүнкү күндө бизде окурмандар көбөйдү десем жаңылышпайм. Жылына 600гө чейин окурмандар келет жана анын басымдуу бөлүгү мектеп окуучулары. Мугалимдер өз сабактарына керектүү китепдерди алып колдонушат. Ошондой эле бизде жазуучулардын жылдык мааракелерине карата иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чараларга окуучулар активдүү катыша алышат. Көптөгөн онлайн сынактарга катышкан жеңүүчүлөрүбүз да болгон».
Айылдык китепкананын тазалоочусу Нааркүл Султанова:»Бул жерде түрү менен мыкты китептер өтө көп. Китепкананын эшиги ар дайым ачык жана окурмандар эч эле үзүлбөйт. Көчүп келгени баарына абдан жакшы болду. Себеби, мектепке жакын болуп окуучулар да мугалимдер да мурункудан көбөйдү. Өзүбүз үчүн өтө ыңгайлуу болду десем туура болот».
Корчубек Акназаров атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Уулжан Элчибекова: «Менин китепканага биринчи жолу келишим. Мага өзүнүн жаңы, кызыктуу китептери менен жакты. Буюрса ушул китептерди алып окуп, уюштурулган иш-чараларга активдүү катышып турам».
Кусейин Марат уулу, Айчүрөк Сапаркулова