Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде Мамлекеттик тил күнүнө арналган, атайын даярдалган иш пландын негизинде, тайпалар арасындагы дубал газетасы, чакан видео ролик жасоо жана чыгармачылыктарын көрсөтүү боюнча сынак болуп өттү.
Сынак калыстар тобунун көз алдында болуп өттү.
Калыстар тобу
1- курстар тарабынан даярдалган дубал газетасы
№15 кесиптик лицейинин кыргыз тили мугалими Айзат Жумалиева:
«Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата президентибиздин жарлыгы жарыяланган. Ошол жарлыктын алкагында билим берүү мекемелери, иш каналар, мекемелер 1 айлыктын алкагында атайын иш план түзүп, мамлекеттин тилин өнүктүрүүнүн концепциясы тууралуу иш алып жатышат.
Биздин №15 кесиптик лицейде дагы 19- сентябрдан, 23- сентябрга чейин аткарылуучу 1 жумалык иш пландын мерчемин иштеп чыккам:
1. “Тилим менин жан дүйнөм” — аттуу семинар.
Мында окуучулар сабаттуулукка үйрөнөт жана кыргыз тилге кызыгуусу артат.
2. “Сабаттуу жазабыз, сабаттуу болобуз” — студенттер арасында жат жазуу.
Студенттер өз билимдерин өркүндөтөт жана туура жазууга үйрөнүшөт.
3. “Кыргыз тилинин тарыхы” — деген темада баяндама жазуу.
Окуучулар тарыхыбызга көз жүгүртүп, тилибиздин бүгүнкү эртеңкисин ойлошот.
4. “Тилибизди бирге өнүктүрөбүз” — деген темада өзүлөрүнүн чыгармачылыгына жараша видео ролик же болбосо видео слайд жасоо.
Бул жерде маалымат базасы түзүлөт жана өркүндөлөт, креативдүү ой жүгүртүүлөрү өнүгөт деген ой максат менен койулган.
5. Дебат “Кыргыз тилинин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү” — деген темада.
Окуучулар өз ойлорун кеңири талашып – тартышып эркин сүйлөөгө үйрөнүшөт деген ойдомун.
6. Ток шоу (Манас айтуу, макал – лакаптар ж.б.)
Жыйынтыгында маалымат топтолуп жыйынтыкталмак.
Бардыгын ушул 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүп алдык. Бардык группалар өзүлөрүнүн чыгармачылыктарына жараша берилген тапшырмаларлды так аткарып, өнөрлөрүн көрсөтө алышты. Эң мыкты деңгээлде өттү деген ойдомун. Жана 2 номинациядагы грамоталар даярдалган, жеңүүчүлөр аныкталып грамоталар тапшырылды».
Кыргыз тилине арналга сынак кыргыз бийи менен коштолду
Эне тилин даңктаган ырлар жаңырды
Манас айтуу учурунан
Тайпалар өзүлөрүнүн даярдаган видео роликтерин презентациялап беришти
Дубал газетасында 1-орунду алган тайпага грамота тапшыруу учуру
Сынакта 1-орунду камсыздаган 476-тайпасынын дубал газетасы
Видео ролик даярдоодо 1-орунду камсыздаган 468-тайпага грамота тапшыруу учуру
Видео ролик даярдоодо 1-орунду багындырган 468 — тайпа, мугалим, мугалим устаттары менен.
Соңунда жамаат менен кыргыз тилинин гимнин ырдашты.
Төлөн Токтосунова