Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы уюштурулду. Сынакка 3,4-класстардын окуучулары апалары менен бирге катышышып активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
«Бирге окуйбуз!» сынагын китепканачы Айгүл Асанкулова балдардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, телефон жана башка гаджеттерден алыстатуу максатында уюштурган.
Сынак «Нурбилим» китебиндеги «Акыл», «Кекилик» жана «Кипи кантип адашты» аңгемелерини боюнча өткөрүлдү. Мындан сырткары, окуучулар «Үлгү ырлар» жана «Минип жүрүп атын издеген» ырларын көркөм айтып беришти.
Жалпы катышуучулар
Сынакты уюштурууда китепканачы Айгүл Асанкуловага мектеп окуучулары Акылай Ыдырысова жана Рабия Азамат кызы көмөк көрсөтүшүп, сынакты жогорку деңгээлде уюштура алышты.
Акылай Ыдырысова сынактын алып баруучусу
Калыстар тобунун мүчөлөрү
Суроо-жооп тапшырмасын Рабия Азамат кызы алып барды
Суроо-жооп тапшырмасында окуучулар аңгеменин негизинде сүрөттөрүн да презентация кылышты
Берилген тапшырмалардын үстүндө иштеп жаткан учур
Топтордо иштөө окуучулар жана апалар үчүн абдан кызыктуу болду
Окуучулардын жоопторун апалары толуктай алышты
Окуучулар берилген тапшырмаларды толук кандуу аткарууга аракеттенишүүдө
Сынактын жыйынтыгында окуучулар катышуучуларга өз өнөлөрүн тартуулай алышты
Жергиликтүү кеңештин депутаты Төлөбүбү Бополоңова
«Бүгүнкү болуп өткөн иш-чара абдан кызыктуу болду. Балдарыбыз окууга дилгирленип, өзүлөрүнүн билимдерин, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Бизди кубандырганы балдардын китепке болгон кызыгуусу жогорку деңгээлде экендигин байкадык. Биз балдардын келечегине түрткү болушубуз керек. Аларды ар тараптан өнүгүүгө багытталган сынактарды байма-бай уюштуруу менен интеллектерин жогорулата алабыз. Мындай сынактарга ар бир ата-эне баласы менен катышып туруусу башкаларга да үлгү болот. Ата-эне дайыма бир убакыт бөлүп, атайын китеп окуп турса, балдардын да китеп окуганга кызыгуулары жогорулайт»,-дейт Төлөбүбү Бополоңова.
Сайра Үрүстөмова небереси менен
«Сынакка неберем менен катыштым. Бул сынак балдардын китеп окуусуна абдан чоң түрткү боло алды. Мен неберем менен катыштым. Балдарга абдан пайдалуу болду деп ишенем. Азыркы учурда балдардын көпчүлүгү телефон менен чектелип калышты. Мындай көйгөйлөрдү жоюунун бирден бир жолу балдарды китепке кызыктыруу. Ар түрдүү чыгармаларды окуу менен алар өзүлөрүнө пайдалуу маалыматка ээ болушат, тартиптүү, ыймандуу болууга тарбияланышат»,-дейт Сайра Үрүстөмова.
Асель Айыпказиева уулу менен
«Биз бул сынакка катышуубуздун себеби, балдарымдын китепке болгон кызыгуусун өстүрүү максатында катышып көрөлү деп чечтик. Ар түрдүү чыгармаларды окуу менен балдарыбыз үлгү, таасир ала алышат. Сынак жогорку деңгээлде уюшулду. Мындан ары да көп-көп китептерди балдарым менен бирге отуруп окуп турабыз. Уюштуруучуларга ийгиликтерди каалайбыз», -дейт Асель Айыпказиева.
Сынактын жыйынтыгында окуучуларга атайын даярдалган белектер тапшырылды. Апалардын майрамына карата чакан дасторкон даярдалып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Акылай Алмазбекова