Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев мектебинде китепкана бир класста орун алган. Анын ичине китептер батпай, окуу залы дагы жок болчу. Айыл өкмөтүнүн жардамы менен китепкананын жаңы корпусу курула баштады.
Кулатов айыл аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаручу Сапарбек Бойдонов:
«Бул суроо боюнча 2-3 жылдан бери эле маселе козголуп келе жаткан. Сентябрдын 15инен бул маселени өз колума алып курулуш иштери башталды. Буйруса 1 айдын ичинде курулуш иштери аяктап, 2 класс 1 китепкана ишке киргизилет деп пландап жатам. Жогорку Кеңештен бул маселеге акча каражаты каралган.»
Мектеп директору Замира Нурдинова 2 жылдан бери бул маселени көтөрүп келет:
«Т.Айбашев мектеби кошумча класска жана китепканага аябай муктаж болуп жатканбыз. Китеп окуган адамдын дүйнөсү кеңейет, китеп окуган жеринин шарты жакшы болсо китеп окуган адамда көбөйөт.
Биздин мектепте 850дөн ашуун окуучу билим алып келишет, ошого байланыштуу окуу класстары жетишсиз болуп келген. Ошондуктан бул ишке мен 2 жылдан бери катуу киришип акыры бул маселени чечилди деп ойлоймун.
Убактылуу айыл өкмөтүнүн башкаруучусу бул ишти өз колуна алып курулуш иштери башталды. Буйруса ноябрь айына чейин курулуш иштери аяктаса окуучуларыбызды көчүрүп билимдерин ала беришет».
Мектеп китепканачысы кубанып жатканын билдирди:
«Мен Галдар Самакова 2008-жылдан тартып Т.Айбашев мектебинде китепканачы болуп эмгектенип келем. Китептер толугу менен камсыздалган бирок окуу үчүн шарт жок болчу.
Азыркы учурда кубанычыма чек жок окуучуларга жана мектеп үчүн жакшы жаңылык болду. Мен мектеп директору Нурдинова Замира эжекеге ыраазычылыгымды билдирем. Анткени ал бул маселени чечүү үчүн бир канча аракет кылды».
Нурзат Галдыбаева, Алия Жолдубаева, Бек Зикирияев