Учурда аз кандуулук менен ооруган адамдар аз эмес. Кулатов айыл аймагында дарыгерге кайрылган бейтаптардын үчтөн бир бөлүгүндө аз кандуулук аныкталат.
Бул тууралуу №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Тургунали кызы Перизат билдирди:
Дарыгер Тургунали кызы Перизат
«Аз кандуулук кандын эритроциттеринен бузулуусу болот. Ал эритроциттер эмнеден бузулат? Туура тамактанбагандан бузулат жана көбүнчө жаш балдарда кезигет. Ал аз кандуулук балдарды толук 6 айга чейин эмизбегендиктен жана кош бойлуу аялдарда кезигет. Азыр миграция көп, балдарын таштап чет мамлекетке кеткен ата-энелердин балдарында кезигет. Туура эмес тамактанууда кезигет. Күнүнө кайрылган кишилерден үчтөн бири аз кандуулукка учурайт. Анемияга кабылган адамдардын алы кетет, көзү караңгылайт, баш айлануу, кулагы шуулдайт, көп басканда энтигет, жүрөгү тез согот. Анын алдын алуу жолдору:
Дарыланып жаткан бейтап
Дарыны убагында ичүү жана туура тамактануу. Аз кандуулук 2ге бөлүнөт: нормадагы анемия жана оор анемия. Оор анемияга эгер көрсөткүч 70тен ылдыйласа кирет, 110дон жогорусун соо деп айтабыз.”
Фармацевт Айгүл
Айгүл Жал оорукана бөлүмүнүн дарыканасында иштейт. Ал аз кандуулукка карата төмөнкү дарыларды дарыгердин көрсөтмөсү менен алынарын айтты:
“Анемия оорусуна чалдыккан бейтаптар Тардиферон, Ферсинал, Шэрика-AD, Ферсинал-Z, Гино-Тардиферон. Күнүнө 1-2киши дары алганы келип турат”.
Анализ тапшыруу учуру
Дарыгердин айтымында аз кандуулук менен өспүрүмдөр дагы жабыркайт.
Раяна Насиридинова: «Мен бир жумадан бери башым ооруп ,грипп болгонмун го деп ойлогом. Апам менен барып анализ тапшырганда аз кандуулук аныкталды. Кээде туруп көзүм караңгылайт, кулагым бүтөт, башым айланат. Эки күндөн бери дарыланып баштадым.”
Айжаркын Муталипова, Гулинур Насиридинова, Раяна Насиридинова, Гүлпери Ракманова