Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 23-сентябрь Кыргыз тили күнүнө карата даярдыктар башталды. Окуучулар тарабынан чыгармалардан үзүндү, көркөм окуу, ыр, бий даярдалып жатат. 23-сентябрь күнү салтанат болуп, райондон жана айыл өкмөтүнөн коноктор күтүлөт.
Т.Айбашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Махабат Асанова даярдыктар жөнүндө айтып берди:
“Тил майрамына карата биздин даярдыгыбыз өтө жогорку деңгээлде. Быйыл кыргыз тилинин 33 жылдыгы. 1989-жылы кыргыз Советтер Союзунун СССРдин Советинде кабыл алынган, ошондон бери биз бул күндү жогорку деңгээлде жогорку маанайда өткөрүп жатабыз. Жалпы мугалимдер жамааты жана окуучулар буйруса жакшы даярдык көрүп жатабыз.
Жалпы маалымат берип кетсем, концерттик программа боюнча бул жерде 1-класстан 11-класска чейин баарына өзүнө тиешелүү программалар бөлүнгөн мында «улут наркы улуу тил» деген темада дилбаяндар жазылат. Бүт дүйнөгө «Кыргыз тилин даңктайлы деген темада көркөм окуулар, кыздардын балдардын айрыкча уул балдардын учкул сөздөр макал-лакаптар, кыздарыбыз акыйнектерди айтышат жана жада калса улуу атабыз, улуу тарыхыбыз камтылган Манас атабыз боюнча Манас айтышуу болот сахналык көрүнүштөр жана көп программаларыбыз бар.
Ушул катышып жаткан окуучуларыбыздын улуттук формалары камсыздалган бирок жаңыртышыбыз керек болуп жатат. Мында бизге ата-энелер көп демөөрчүлүк көрсөтүшүп мугалимдер жамааты жана ата-энелер демөөрчүлүк көргөзүп жаңы формаларды да буйруса тиктирип жатабыз”.
Бул салтанатка мектеп окуучулары активдүү даярданууда. Алардын бири Диана Кубатова Каныкейдин образын аткарууга даярданып жатканын айтты:
«1-11 класстар катышусуунда ар кандай көрүнүштөр аткарылат, ырлар айтылат.
Көрүнүштө Каныкей энебиздин образын аткарам, ал жерде Семетей 18 жашка толуп тайатасы Темир хандын иниси Тазбайматтын тек жайын угуп, Каныкей энебизден сурайт ушу чынбы деп. Каныкей энебиз ооба сенин жерин деп айтып берген жерин көрүнүш катары аткарып беребиз.”
“Т.Айбашев атындагы орто мектебинде жыл сайын өткөрүлүп жаткан кыргыз тили мыйзамынын 23-сентябрь ар күнү майрам болот. Майрамга карата 1 айлык биз иш-чараны кабыл алганбыз. Бул боюнча атайын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан буйруктар чыгып, райондук мамлекеттик администрациясында ошол маселе каралды. Тил мыйзамы бул бардыгыбызга бирдей ушул мыйзамдын үстүндө иштесек тилдин улуулугун даңазалоо бул биздин жалпыбыздын ишибиз деп ойлойм. Ошондуктан кыргыз тилиндеги көрнөк жарнактар биздин ушул өзүбүздүн грамматикалык сабаттуулугубуз ушул мыйзамга шайкеш келет деп эсептеймин.
Азыркы күндө окуучуларга ушул иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүүгө дакярданып, конокторду да чакырып жатабыз. Улуттук тамак аштар менен боз үйдү куруп, улуттук оюундарды ойнотуп балдарга улуттук өзүбүздүн тил боюнча макал-лакаптар, улуу ойчулдардын айтылган сөздөрү, мына ушул баарына басым берип жатабыз. Бул кыргыз тили биздин Манас атабыздан бери келе жаткан деп дагы эсептейбиз, анткени ушул Манастын 40 чоросуна байланышкан дагы көрүнүштөрдү даярдап жатабыз. Азыркы күндө улуттук кийимдерге басым берип жатабыз”,-дейт мектеп директору Замира Нурдинова.
Жасмина Жороева, Диана Куватова, Айтунук Жумабаева, Бек Зикирияев