Ноокат районунунда мектептерди, бала бакчаларды, социалдык мекемелерди дезинфекциялоо жүргүзүлүп жатат. Ноокат район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидстанция көзөмөл борбору тарабынан уюштурулду.
Саткынбү Токталиева: «Ноокат район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидстанция көзөмөл борбору тарабынан уюштурулуп 2 айлык жарыяланган. 2 айдын ичинде район боюнча мектептерди, бала бакчаларды дезинфекция кылабыз. Дезинфекциянын негизги максаты күз айында келемиштердин көбөйүп кетүүсүн алдын алуу максатында уюштурулган. Элдерге көп оорулардын козголушун алып келет. Бул 2 айлык келемиштерди жок кылуу максатында уюштурулду.»
Чынара Нурманова
Т. Айбашев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Нурманова: «Т.Айбашев орто мектебине 17-сентябрь санэпидстанция келип мектептеги каналдарды, коридорлорду дезинфекция кылышты.Күз мезгили келип күн салкындаганына байланыштуу дезинфекциялоо аябай маанилүү болчу.»
Чынара Көчкөнбаева