Райондук деңгээлдеги семинарды «Соң-Көл» орто мектебиин китепкана башчысы Айпери Жакшылык кызы уюштуруп, алып барды. Семинарга райондогу 17 мектептин китепкана жетекчилери келип катышты. Аларды жетектеп райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Жумакүл Сарымсакова келди.
Алгач конокторду каттоодон өткөрүп, андан кийин уюштурулган семинардын программасына ылайык китеп туурасында сынактар өткөрүлдү. Аны менен катар китепкана башчысынын иштери менен таанышып чыгышты. Бул семинардын максаты метод алмашуу болду. Кененирээк маалымат төмөнкү сүрөттөрдө чагылдырылат.
Хадижа Төлөбалдиева