Нарын обулусуна караштуу Кочкор районунун Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде зордук- зомбулукту алдын алуу жана глобалдуу маселелер кызуу талкууга алынды.
Аталган семинарга Чолпон айыл өкмөтүнө кирген: Туз, Ара-Көл, Молдо-Кылыч, Эпкин, Оро-Башы айылдарынын 9-10-11-класстар арасындагы окуучулар, билим берүү мекемелеринин соцпедагогдору жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда болуп өттү. Семинарда окуучулар жасаган видео-роликтер жана сценкалар уюштурулган. Ар бир айылдын темалары: Ара- Көл айылы-баланын энеге кайрылуусу. Эпкин айылы-«жашоого болгон нааразычылык». Оро-Башы айылы-«атасын сагынган балдар». Туз айылы-«социалдык жетим». Молдо-Кылыч айылы-«бактылуу балалыкта жашагым келет» аттуу глобалдуу темаларды козгоп чыгышты.
Окуучулар-зомбулукту жана таш боор мамиленин курмандыктары социалдык, психологиялык жана укуктук жардам көрө алышарын дагы билип алышкандыктарын билдиришти.
Айзат Узакова
Кочкор райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, үй- бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Айзат Узакова төмөндөгүлөргө токтолду: «Иш тажрыйбам 9 жыл. Бул иш-чара азыркы убакта эң актуалдуу деп эсептейм. Себеби, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 391-токтомунун негизинде, үй-бүлөлүк зомбулук анын ичинде өспүрүм жаштарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу профилактикалоо иштеринде ушул сыяктуу иш-чаралар абдан маңыздуу болуп жатат.
Зордук-зомбулук болгондон кийин иш жүргүзүүгө караганда боло электе аны алдын алуу абдан маанилүү. Учурдагы семинарыбыздын бир өзгөчөлүгү бардык ведомстволор, аралык мекемелердин катышуусунда. Бул жакта билим берүү ички иштер башкармалыгы, биздин социалдык өнүгүү тармактары отурушат. Дагы да айтып кетер элем, биз саламаттыкты сактоо башкармалыктарын дагы кошушубуз керек, алар дагы өздөрүнүн маалыматтарын айтып, ушул зордук- зомбулук ден соолукка кандай таасир берерин билдирип турушу керек».
Сценка учурунан бир көрүнүш
Эпкин айылынын презентациясы
Ара-Көл мектебинин окуучулары
Малика Жумабекова, Аяна Аскарова