Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде жогорку класстар үчүн ВИЧ оорусу боюнча семинар болуп өттү.
Кочкор райондук оорукананын «Ден-соолукту чыңдоо» кабинетинин адистери Нуржан Байзакова, Гулкайыр Тентиева жана Капар Кыдыралиев орто мектебинин медкызматкери Элмира Эркинбаева окуучуларга ноябрь-декабрь айлары ВИЧ оорусунун алдын алуу алкагында, окуучуларга маалымат берүү менен чектелбей, окуучуларды практика менен билимдерин бекемделип, окуучулар үчүн кызыктуу семинар уюштуруп беришти.
Кочкор райондук оорукананын «Ден соолукту чыңдоо» кабинетинин адиси Гулкайыр Тентиева
Гулкайыр Тентиева окуучуларга биринчиден СПИД оорусу боюнча маалымат берип кетти:
«ВИЧ инфекциясы адамдарга жуккандан кийин бул ооруга дары жок, ар кандай ооруларга туруштук бере албай иммунитет жок болуп калат.»
Нуржан Байзакова Кочкор райондук «Ден соолукту чындоо» кабинетинин адиси
Маалымат алган соң окуучулар үч топко бөлүнүп, карточкалар аркылуу ВИЧ инфекциясы жуккан жолдорун айтып беришти.
Окуучулардын презентация учуру
Канайым Мирланова, Асема Молдошева, Мадина Жокенова, Бегимай Чаева