Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн «Акыл майданы» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү. Бул таймашты мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн «Кадам» клубу уюштурду.
Окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окууга үндөө, убакытты туура пайдалануу максатында «Кадам» клубу жыл сайын окуучулар арасында интеллектуалдык таймаштарды өткөрүп келишет. Бул жолу 8,9,10,11-класстары арасында уюшулуп, жеңүүчү аталган тайпага борборго экскурсияга жолдомо берилди.
Оюнга тайпа топтоого да өзгөчө маани берилет. Ар бир тайпада 8,9,10,11-класстын окуучулары катышат, б.а. ар бир класстан бирден окуучу тандалып, төрт катышуучу бир тайпаны түзө алат. Ал эми оюнга даярдалган тапшырмаларда атактуу инсандар, даталар, окуялар, жашоо турмуш менен байланышкан суроолор камтылган.
Мындай интеллектуалдык оюндарды уюштуруу окуучулар үчүн жаңы билимдерге ээ болууга жакшы өбөлгө түзүлөрүн уюштуруучулардын бири Кутман Казыбек уулу баса белгилейт:
«Окуучулар арасында «Акыл майданы» интеллектуалдык оюну жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындай ишти жайылтуу керек деп эсептейм. Себеби, бул интеллектуалдык оюнда ар тараптуу, ар багыттуу суроолор берилет. Ал эми суроолорго жооп берүүдө окуучулардын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөрүү менен интеллекти жогорулайт», — деди ал.
Оюндун жыйынтыгында I орунду «Аруу», II орунду «Википедиа», III орунду «IQ» тайпалары ээлешти. Жеңүүчү окуучуларга атайын даярдалган белектер берилди. Ал эми I орунду ээлеген «Аруу» тайпасынын мүчөлөрүнө Бишкек шаарына экскурсияга жолдомо тапшырылды.
10-классынын окуучусу Айкүмүш Жумашова жараткан ийгилигине кубанып, мындай оюндар окуучулар үчүн чоң стимул болоорун айтат:
«»Кадам» клубу уюштурган акыл майданы бизди изденүүгө, кругозорубуздун кеңейишине, көптөгөн кызыктуу маалыматтарды билүүгө чоң салымын кошту. Ушул акыл майданындагы жараткан ийгилик мен үчүн чоң стимул болду. Көптөн бери көрөм деп жүргөн музейди көрдүм. Окуйм деп кыялданган Манас университети менен жакындан тааныштым. Жогорку Кеңештеги акын, депутат Мирлан Самыйкожонун мыкты сөздөрүнө, бизге айткан тилегине күбө болдум. Бул мен үчүн чоң жетишкендик. Бизге ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берип жаткан «Кадам» клубуна, демөөрчүлүк кылган Узакбаев Дуулат байкеге терең ыраазычылыгымды билдирем.»
Акылай Алмазбекова