Айрым бүтүрүүчүлөр кайсы кесиптин ээси болууну тандап койсо, кээ бири дагы деле кайсы адистикке барарын ойлонуп жүрөт. Кесипти туура тандоо -ийгиликтин башаты.
Бала чактан бери тарых мугалими болууну кыялданып, кыялын ишке ашырып, өзүнүн ишин так аткарган көптөгөн ийгиликтерди багындырган Казыбек Асылбеков бүтүрүүчүлөргө өз кеңешин берет:
«Мен бала чактан бери эле тарых мугалими болуну кыялданчумун. Ушул кесипти тандоого тарых мугалимим таасир берген. Азыр өкүнбөйм, анткени ушул кесип менен көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым, улуу адамдар менен тааныша алдым, мыкты окуучулар менен иштештим. Өзүмдүн кесибим менен абдан сыймыктанам.
Адамдарга эң маанилүү — бул кесиби. Адамдын жактырган кесибин тандаса көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө мүмкүнчүлүгү көп болот. Эгер өзүнө кесиби жакпаса кур намыс үчүн, адамдардын сөзү үчүн иштебеши керек. Кесиптин баалуу жактарын таап кете албаса, анда ийгилик жаратышы кыйын болуп калат. Кээ бир учурларда кезигет ата-энеси ушул кесиптин ээси бол анан ошол кесипти иштеп жүрүп, ийгилик жараткан адамдар деле көп деп айтышат. Жаман кесип болбойт баардык кесип жакшы, адамдардын жашоосунда салымы өтө чоң. Кайсы кесип болбосун ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүк бар. Иштеп баштайм деген жумушту сүйүш керек анан эч качан максаттарды чектебей келечекке чоң-чоң максаттарды коюп, максаттар үчүн дайыма кадам ташташы керек. Адамдардын арасында эң ийгиликтүү адам бул адамдарга жардам берген адам жана өзүнүн кесибин туура тандаган адам.»
Бекжан Усенкулов 38 жашта. Ал кесиби боюнча экономист, азыркы учурда жеке ишкерлик менен да алектенет. Бекжанга өзүнүн кесиби абдан жагат.
«Кесип тандоо жашоодогу эң жоопкерчиликтүү кадам. Кесип тандоодо адам өзүнө жаккан кесип тандоо зарыл, себеби жашоодо кылган жумушу өзүнө жакса, кылган иши ырахат тартуулайт жана ошол чөйрөдө жакшы ийгиликтерге жетишет. Эгер тандаган кесиби өзүнө жакпаса, эгер акча үчүн гана иштесе, ал чөйрөдө ийгилик жаратуу өтө оор болот»,-дейт Бекжан Усенкулов.
Ажара Төлөшова Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал учурда СММ адиси боюнча иш алып барат.
«Учурда иштеп жаткан кесибим замандын талабына туура келген үчүн тандап алгам. Суроо талапка ээ кесип болгондуктан иштөө, иш табуу оңой болду. Кызыктуу, пайдалуу адамдар менен таанышууга, иштешүүгө шарт түзөт. Азыркы бүтүрүүчүлөргө кеңешим өзүңөрдүн жүрөгүңөргө жаккан кесип тандагыла, мектепти бүткөн соң дароо эле университетке тапшыруу зарыл эмес. Бир жыл шаарга келип ойлонуп, изилденип анан чечим чыгарып кесип тандасаңыз да болот. Коммуникацияңарды өркүндөткүлө, шаарга келгенде өзүңөрдү өнүктүрүүчү, өзгөртүүчү чөйрөгө кошулгула»,-дейт Ажара Төлөшова.
Баяна Кадырбекова