Бүгүн биз Кетмен-Төбө өрөөнүнүн сыймыгы, кыргыз билим берүү тармагынын жана коомдук иштердин чыныгы лидери Илатбү Сатарованын жарым кылымдан ашык созулган алгылыктуу эмгек жолу тууралуу сөз кылабыз.

Илатбү Сатарова 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жаш адис катары француз тили мугалими болуп ишин баштаган. 55 жылдык эмгек стажынын ичинде ал өз кесибинин чыныгы фанаты экенин далилдеди.

Анын педагогикалык чеберчилигинин натыйжасында:
19 окуучусу Республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды багындырган.
14 шакирти мугалимдик жолду тандап, учурда өлкөбүздүн билим берүү тармагына салым кошууда.
3 окуучусу Франциянын жогорку окуу жайларында билим алып, бүгүнкү күндө эл аралык туризм тармагында ийгиликтүү ишкерлик кылып жатышат.
Бул көрсөткүчтөр — алыскы райондо туруп эле дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүүгө болорун далилдеген чыныгы эрдик.

Илатбү Сатарованын эмгеги Кыргызстанда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылган. 2012-жылы ал Франция мамлекетинин жогорку сыйлыгы болгон «Академиялык Пальма» (Ordre des Palmes académiques) орденинин кавалери наамына татыктуу болгон. Бул сыйлык анын француз тилин жана маданиятын жайылтууга кошкон зор салымынын тастыктоосу. Ошондой эле ал — «КРнын Эмгек сиңирген мугалими» жана «Эл агартуунун мыктысы».

Илатбү Сатарова жөн гана мугалим эмес, ал коомдун тамырын кармаган жигердүү ишмер болуп, кол өнөрчүлүктү жандандырып келет. 1998-жылы «Жаш Муун» коомдук уюмун түзүп, көп балалуу жана аз камсыз болгон аялдар үчүн жумуш орундарын түзгөн. Ал жерде кыргыздын улуттук өнөрүн — шырдак, ала кийиз, жүндөн сувенир жасоону жаштарга үйрөтүп келет.
Экологиялык демилге көтөрүп, 2014-жылдан бери жыл сайын 22-апрель Жер күнүнө карата «Жер энеге таазим» тазалык акциясын уюштуруп, өлкөбүздүн тазалыгына кам көрүүнү атуулдук милдети деп билет.
Туризмдин өнүгүүсүнө салым кошуп, 2010-жылдан тарта конок үйүн иштетип, Токтогул районуна келген чет элдик конокторго кыргыз меймандостугун жана маданиятын таанытып келет.

Илатбү эженин көп жылдык мээнети мамлекеттик жана облустук деңгээлдеги көптөгөн Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар менен бааланган. Ал — Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Өрнөктүү инсаны жана Токтогул шаарынын Ардактуу атуулу.

Бүгүнкү күндө Илатбү Сатарова өзүнүн тажрыйбасы, акыл-насааты жана чексиз энергиясы менен жаш муундарга жол көрсөтүп, коомдун өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келет. Адамдын кадыр-баркы анын жашаган жылдары менен эмес, ошол жылдар ичинде жасаган сооптуу иштери жана артында калтырган өрнөктүү жолу менен өлчөнөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова.