Нарын облусунун Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин «Асел» бий тобу Токмок шаарында өткөн 3-Кыргызстан элдеринин «Элдердин достугу-Кыргызстандын биримдиги» аттуу фестивалына барып алдынкы орундарга ээ болушту.

Иш-чара Токмок шаардык маданият бөлүмү жана эстрадалык бий элдер федерациясынын колдоосу менен уюштурулду. Фестивалга Кочкор райондук балдар искусство мектебинен жалпы үч топ катышып, ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүштү.
Жогорку топ испан бийи менен I орунду камсыз кылса, кенже топ «Комузчу» бийи менен II орунга татыктуу болду. Ал эми ортоңку топ «Темир ооз комуз» бийи менен IV орунду ээледи.

» Асел» бий тобунун жетекчиси Жанара Баталова
Фестивалга жогорку группанын кыздары испан бийи менен 1-орунду камсыз кылышты, кенже группа «Комузчу» бийи менен 2-орунга татыктуу болду, ал эми ортонку группа «Темир ооз комуз» бийи менен 4-орунга ээ болушту.

» Темир ооз комуз» бийинин жеңүчүүлөрү
“Асел” бий тобун Жанара Баталова жетектейт.
Бий ийриминин катышуучусу Амина Женишбекованын апасы Миргүл Курумшиева кызынын жетишкендиктери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
“ Кызым Амина Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 2-классында окуйт. Бир жарым жылдан бери Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин бий ийримине үзгүлтүксүз катышып келет. Алгач кызыгуу менен барган, учурда бий анын сүйүктүү хоббисине айланды. Улуттук жана заманбап бийлерди аткарып, айрыкча кыргыздын салттуу бийлерин чоң шыктануу менен бийлейт. Ар кандай фестиваль, сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып жүрөт. Бул ийгиликтерде жетекчиси Жанара Баталованын эмгеги чоң деп эсептейм,”— деди ал.

2-орунга ээ болгон Амина Женишбекова
»

Фестивалдын жыйынтыгында “Асел” бий тобу диплом жана кубок менен сыйланды.
Даярдаган: Канайым Мирланова