Кечээ КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор У.Шамырканов иш сапары менен Ак-Талаа районунда болуп, Нарын дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелери менен таанышып кайтты.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин маалыматына караганда У.Шамырканов Тоголок Молдо айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жана Ак-Тал-Чат-Казарман унаа жолун жеп, кооптуу абал жараткан Нарын дарыясындагы жээк эрозияларын, ошондой эле Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы Шырдакбек сайынын жээк эрозиясын көрдү.
Аталган жээк эрозияларын коргоо боюнча райондун жетекчилиги менен макулдашууларды жүргүзүп, капиталдык курулуштун долбоорлорун тез арада даярдоону тапшырды.

Мындан тышкары Ак-Талаа районунун Баетов айылында жаңы курулуп жаткан райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова