2026-жылдын 27-28-февраль күндөрү Нарын шаарында өткөн, мектеп окуучулары предметтик олимпиадасынын облустук баскычына Кочкор районунан 20 окуучу катышып, 3 окуучу биринчи, 4 окуучу экинчи, 4 окуучу үчүнчү орунга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Нарын облусу боюнча биринчи орунга ээ болуп кайтып келишти.
Олимпиадага облустун бардык аймактарынан келген окуучулар катышып, өз билим деңгээлин сынашты. Тапшырмалар логикалык ой жүгүртүүнү, терең анализ жүргүзүүнү жана чыгармачылык мамилени талап кылды. Мындай атаандаштыкта алдыга чыгуу чоң ийгилик болуп саналат.
Олимпиаданын биринчи күнүндө катоо жана ачылыш аземи болуп, катышуучуларга ийгилик калоо сөздөрү айтылды. Андан соң окуучулар өз предметтери боюнча тесттик жана жазма тапшырмаларды аткарышты. Экинчи күнү практикалык жана чыгармачылык тапшырмалар берилди. Бул этапта окучулар өздөрүнүн логикалык ой жүгүртүүсүн, анализ жүргүзүү жөндөмүн жана убакытты туура пайдалануу көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып,окуучулар жана аларды окуткан мугалимдерге дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.
Сүрөттөр Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн архивинен алынды
Даярдаган: Нурия Карымбаева