Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында (U-11, U-16 курактык топтору) ийгиликтүү катышып кайтышты.
Кызуу таймаштын жыйынтыгында 4-класстын окуучусу Асангазиева Мээржан жогорку деңгээлдеги оюн көрсөтүп, кыздар арасында 3-орунду багындырды. Бул жетишкендик — жаш спортчунун эмгегинин жана тынымсыз машыгуусунун жыйынтыгы.
Ошондой эле мелдешке активдүү катышып, чеберчилигин көрсөткөн окуучулар:
Акылбекова Сумая
Бакытбекова Раяна
Рысбекова Нурайым
Ыдырысов Асанаалы

Жаш спортчулардын ийгилигине салым кошкон машыктыруучулар Сабыров Акыл жана Субанбеков Кубан агайларга мектеп жамааты терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, мындай жетишкендиктер окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, сергек жашоого үндөйт.
Даярдаган: Забира Чечебаева