Токтогул шаарында келечек ээлерине сапаттуу тарбия берүү жана билим берүү мекемелеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.Жакында райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Куттубек Аттокуров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Нияз Ормонов шаар аймагындагы бала бакчаларды кыдырып, жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш сапардын негизги максаты — бала бакчалардагы коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу. «Достук», «Байчечекей» жана «Арча-Бешик» балдар бакчаларынын жамааттары менен жолугушууда төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
— Бала бакчага кабыл алуу процесси мыйзам чегинде жана ачык жүргүзүлүшү керектиги;
— Каржылык каражаттардын максаттуу жана ачык-айкын жумшалышы;
— Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикалык жүрүм-турум нормаларын сактоосу;
— Ата-энелер менен болгон өз ара сый мамиленин маанилүүлүгү.

Куттубек Аттокуров өз сөзүндө коррупция өнүгүүгө тоскоол болгон терс көрүнүш экенин белгилеп, өзгөчө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тазалык жана адилеттүүлүк биринчи орунда турушу зарыл экенин айтты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү мекемелердин ички абалы менен да таанышышты. Тактап айтканда, бөлмөлөрдүн жабдылышы, оюнчуктардын жана окуу куралдарынын абалы, ашканалардын, тамак-аш сактоочу жайлардын жана уктоочу бөлмөлөрдүн тазалыгы, ошондой эле балдарга берилген билимдин сапаты каралды.

Иш сапардын алкагында «Арча-Бешик» балдар бакчасына өзгөчө көңүл бурулду. Бул мекемеде жакын арада республикалык деңгээлдеги семинар өткөрүү пландалууда. Район жетекчилиги даярдык иштерине баа берип, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин билдирди.

Белгиленгендей, райондогу мындай профилактикалык иш-чаралар билим берүү тармагында ачыктыкты камсыз кылууга жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантылат.
Даярдаган: Азема Кудуева