Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде англис тили жана орус тили декадасынын салтанаттуу жыйынтыктоочу иш — чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чара окуучулардын чет тилдерге болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.

Англис тили мугалими Кеңешбекова Нурайымдын жетекчилиги алдында 3–10-класстардын окуучулары активдүү катышып, ыр-бий, сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты. Ар түрдүү элдердин маданиятын, каада-салтын, улуттук кийимдерин жана искусствосун чагылдырган чыгармалар көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартуулады. Окуучулар англис тилинде эркин сүйлөп, өз өнөрлөрүн көрсөтө алышты.
Окуучулардын катышуусу
Ошондой эле орус тили мугалимдери Матекова Анархан жана Турсуналиев Бакыт жетектеген 2–10-класстардын окуучулары мазмундуу программа сунушташты. Ыр-бий, көркөм окуу жана суроо-жооп форматындагы бөлүктөр аркылуу орус тилинин бай маданияты жана көркөм дүйнөсү даңазаланды. Окуучулардын сахнага ишенимдүү чыгышы жана тилди так колдонушу иш-чаранын деңгээлин көрсөттү.
Жыйынтыгында декада окуучулар жана мугалимдер үчүн жемиштүү болуп, тил үйрөнүүгө болгон кызыгуу дагы да артты. Мындай иш-чаралар жаш муундун билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Даярдагандар: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова