Күнтуу айыл өкмөтүндө аймакты көрктөндүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана жаш муунга жашыл чөйрө түзүү максатында ири көлөмдөгү жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Саамалык айыл аймагындагы бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мекемелерге багытталып, көчөттөр бөлүштүрүлүп, отургузуу иштери уюшкандыкта өткөрүлдү.
Жалпысынан 303 даана көчөт сатылып алынып, бул үчүн 166 400 сомго жакын каражат жумшалды. Көчөттөр тиешелүү аймактарга отургузулду. Алардын курамы төмөнкүчө:
Тянь-Шань карагайы – 22 даана
Көк карагай – 24 даана
Кайың – 61 даана
Тал – 15 даана
Алма – 60 даана
Катальпа – 50 даана
Крым карагайы – 11 даана
Кадимки карагай – 40 даана
Эмен – 20 даана

Көчөттөр аймактын климаттык шартына ылайык тандалып алынып, келечекте көлөкө берип, абаны тазалап, жаратылыштын көркүн арттыра турган дарактар катары бааланууда. Өзгөчө билим берүү мекемелеринин айланасын жашылдандыруу өсүп келе жаткан муунду жаратылышты сүйүүгө жана аны коргоого үндөйт.
Жашылдандыруу ишине айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, мекеме жамааттары жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты. Демилге аймакты туруктуу өнүктүрүү багытындагы иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп саналат.
Күнтуу айыл өкмөтү бул багыттагы иштерди мындан ары да улантарын билдирет.
Жашыл аймак – ден соолуктун жана бакубат жашоонун кепилдиги
Даярдаган: Аида Карыбекова, Раяна Бейшенбекова