Элеттик аялдарга ишкерликти үйрөтүп, миграция агымын жана экономикалык көз карандысыздыкты азайтса болобу?
Жаңы-Жер жамааттык медиа борборунун кабарчылары айылдагы ишкер айымдар менен баарлашты.
Миграциядан келип ишкерлик кылган Мирзат Койчиева учурда айылдык активисттердин катарында. Айылда түрдүү иш-чараларды уюштуруп, майрамдык кечелерди өткөрүп жүрчү. Кырк жаштан өткөнгө чейин ишкерлик чөйрөгө аралашууну такыр ойлогон эмес. Буга чейин Россияда иштеп келген.
Айылда ашкана ачып ишкердик кылган Мирзат Койчиева
Жаңы-Жер айылынын тургуну. Учурда айылдагы борбордук көчөгө ачып алган ашкананы иштетет.
Таң азандан унаасын айдап жумушка шашкан Мирзат Койчиева бүгүн да күндөгүдөй эле жер жемиш базарынан иш күнүн баштады. Ашканага колдонулуучу азык- түлүктү эртелеп өзү сатып алат. Себеби жолдошу Россияда иштейт. Ошондуктан унааны өзү айдап, базарга да өзү барат. Өзүнүн айтуусу боюнча ар бир мүнөтүм саналуу бөлүштүрүлгөн дейт:
«Азыр көп адамдар шаарда же чет өлкөлөрдө иштегиси келет. Анткени, ал жактарда мүмкүнчүлүктөр көп деп ойлошот. Убагында мен да Россия өлкөсүнө жумуш издеп баргам. Келип айылга эле ашкана ачып алдым. Айыл жашоосу үчүн жакшы эле каражат.
Учурда азыр эгин талааларын иштеткен фермер дыйкандар, соода кылган ишкерлер менен келишим түзүп алганмын. Талаада иштеген жумушчулар үчүн топуктуу түшкү тамактарды, салат, суусундуктарды даярдаймын. Алардын буйрутмасы боюнча ар түрдүү тамак аштардын түрүн, өзүмдүн унаам менен жеткирип беремин.
Ар бир адам кааласа алдына максат коюп, ийгиликке жетүүгө аракет кылса, баары ишке ашат. Мисалы, кондитер азыктарын, тез татымдарды жазаса болот. Айылдагы айымдар кыздар үчүн сеп даярдап, аны сатса болот. Айтор ишкерлик кылууга айылда толук шарт бар.
Азыр көбүнчө Бишкекке, Орусияга, Турцияга үй-бүлөсүн таштап мигрант болуп кетишет. Ал жакта жүрүп бала-чакасын сагынат, сарсанаа болот. Айылда ишкерлик кылсаң бардык жакындарын жаныңда».
Ольга Сатыбекова өзү багып өстүргөн канаттууларын базарга өзү сатат. Көп жылдан берки кардарлары Ольгага ыраазычылыгын айтып келишет. Ал эми ушул эле айылдын тургуну Ольга Сатыбекова канаттуу багуу менен ишкердикти баштаган. Учурда канаттуулардын ар кандай түрлөрү бар. Каарманыбыз азыр тоок багуу менен гана эмес, аны сатып, акчаны көбөйтүүнүн да ыгын тапкан.
«Мурда тоок чарбасы деген түшүнүк мага өтө эле жат болчу. Жаш кезде тоок, үндүк менен алектенип калам деп жети уктап, түшүмө кирген эмес. Көрсө, аябай кызыктуу экен.
Башында бул ишкердикке болгон идея уулумдан болду. Балам кичине чагында дакан короз алып бергилечи деп атасынан суранды. Балам дакан короз согуштурууга аябай кызыкчу. Атасы көңүлүн кыйбай бир тоок, бир короз алып берген. Ошондон баштап кызыгып калдык. Себеби үйдө эт дагы, жумуртка дагы болду. Жолдошумдан кеңеш сурап канаттууларды багууга өттүк. Азыр жолдошум менен балам жардамдашат.
Бул ишти ошентип баштадым. Аял кишиге ишкердик кылуу үчүн колдоо керек. Күйөөсү, жакындары, балдары жардам бериши зарыл. Аялзатынын колунан көп иш келет. Ишкерликтин да майын чыгарат. Болгону уруксат, таянычка муктаж болуп калышы мүмкүн .
Айылдагы кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү күйөөсү же жакындары уруксат бербегендиктен ишкерлик кыла албайт. Каржылык жактан да аларга көз каранды болуп калышат» — дейт Ольга Сатыбекова.
Турсун Омуралиева