Ысык-Көл облусунун Тоӊ районундагы Туура-Суу 1 айылындагы Алматай көчөсүндө түнкү жарыктандыруу маселеси чечилди.Түнкү жарыктандыргычтар 20 даана орнотулду. Бул иштерге айылдык бюджеттен 50 миӊ сом каралган.
Бул жарыктандыруу боюнча айылдык кеӊешинин депутаты Берди Айтпаев билдирди:
«Мен депутат болуп айылга жарык коюп баштайлы деген маселени айылдык кеӊеште мен көтөруп чыккам. Ушул өзүбүздүн айылдык кеӊештин бюджети дагы аз, бирок ошол үчүн көп алып барабыз да бирин-экин тыйын тыпырларды, акча каражаттарды таап. Бүгүнкү күнү ушул айылда 40-50 дөй столба коюлуп калды, дагы коюлат. Азыр мына 9 столба турат аны дагы жаз мезгили менен коёбуз. Быйылкы жылы дагы кирип жатат. Мен бул депутаттык бирден-бир өзүмдүн ушул элдин астына койгон максатым болчу. Бир күнү лампочкасы күйүп кетет, бир күнү дагы проводу бир нерсе болот же болбосо включатели бир нерсе болуп кетет. Буга айыл өкмөтүнүн бюджетинен аздыр-көптүр акчалар каралат. Чарба бөлүктөрүн кармап туруш үчүн. Ошонун ичинен муну алмаштырып, карап көрүп турганы бул айыл өкмөттүн милдети. Ага айтып, ушул лампочкабыз күйбөй калды, тиги-бул деп кайрылып турган бул айыл башчынын милдети. Эмки жылы Туура-Сууга ортоӊку Малиев көчөсүнүн аяк-үстүнө.»
Туура-Суу айылынын эли түнкү жарыктандырууну жактырышты. Алардын ичинен айыл тургуну Ондонбаева Айгүл өз ою менен бөлүштү:
«Жарык болуп жакшынакай болуп көрүнүп калды. Кичинекей айыл болсо дагы кооз көрүнүп көчөлөрдүн бардыгы жарык болуп, жакшынакай болуп калды. Ар бир көчөдө жарыктандыруу болсо бүт баары текши коюлса айылдын ичи жакшы көрүнөт да. Негизи кечинде карасаӊ айылдын ичи аябай жакшы, кооз көрүнөт. Азыр кичинекей эле чоӊ көчөгө коюлду. Анан эки көчөгө эле коюлуп жатпайбы. Азыр эми бардык узун-узун көчөлөрдүн бардыгына коюлса. Андан кийин айылды карап көргүлө. Кечкисин айрыкча караса аябай кооз көрүнөт».
Даярдагандар: Казыбеков Курман, Карымшакова Акбермет, Эсентуров Улан