Кожомкул айылында көчөлөрдү жарыктандыруу иши башталды.
Бул тууралуу Кожомкул айылынын айыл башчысы Бакыт Мураталиев:
«Жарыктандыруу иши боюнча жалпысынан бюджеттен 160миң тегерегиндеги акча бөлдүрүп,тендерден утуп алганбыз.Тагыраагы 42 даана жарыктандыруу аппараты *(прожектор)* келди.Бул иш негизинен Кожомкул атабыздын 130 жылдыгына чейин бутурулушу керек эле.Тилекке каршы кандайдыр бир себептер менен ишке кирише албай калдык.Кудай буйруса 3 күн аралыгында иш соңуна чыгып калат»-деп билдирди.
Даярдаган: Айпери Бакталбек кызы