Суусамыр айылынын борбордук мечити оңдолууда.
Бул тууралуу демилгенин көтөрүп чыккан Манас Карабаев мындай деди: «Азыркы күндө мечиттин тегереги тосмо менен тосулууда. Эми мечиттин ичин да оңдойлу деген пландар бар. Ал эми каражат туурасында айта турган болсок, мечиттики эсептелинбейт, айтылбайт деп туура көрдүк. Бардык каражат айыл тургундары тарабынан чогултулган, ким канча бере алса, кааласа берип жатат. Учурдан пайдаланып Суусамыр элине кайрылат элем, кичине болсо да сооп алып, жардам берсеңиздер деп. »
Эскерте кетсек, иштеп жаткан жумушчулар да акы албай иштешүүдө, алар Суусамыр айылынын тургундары.
Даярдаган: Гүлзар Сарымсакова