Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында мектепти он жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр футбол талаасына жарыктарды коюшту. Ошону менен биргеликте алар бүгүн футбол оюнун уюштурушуп, оюнга жалпы 10 команда катышты.
Мирлан Кубаныч уулу
Уюштуруучулардын бири Мирлан Кубаныч уулу:
«Мен 1995-жылы ушул Чолпон айылында төрөлүп өскөм. Бул футбол талаасынын салынганына азыркы тапта 5-6 жыл болуп калды. Ушул убакыттан бери бир да жолу оңдоп-түзөө иштери боло элек болчу. Ошого байланыштуу футбол талаасынын абалы начар болуп калган. Ошондуктан биз 1995-жылкы балдар кичине болсо дагы оңдоп, салымыбызды кошолу деп чечтик. Азырынча жарыктарын эле койдук. Дагы да каражаттарды топтоп жатабыз. Ал каражат топтолгондон кийин өз ишибизди улантып сеткаларын, газонду, эшиктерин оңдойлу деп аракетибизди кылып жатабыз.
Буга чейин Чолпон айылынын тургундарынын жана жаштар арасында топ уюуштурурулуп турчу. Бирок 1 жылдан бери бул токтоп калды. Кайра ошону жандандыруу үчүн кичине байге коюп уюштуруп жатабыз. Эң негизги максатыбыз улуу-кичүү муундар бири- бирин таанып, ынтымакка келиши жана Чолпон биримдигин өнүктүрүү. Бүгүнкү оюнга жалпы 10дой команда катышып жатат. Баш байгеге кубок андан тышкары грамота, диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар дагы бар».
Алмаз Алыбаев
Чолпон айылынын тургуну Алмаз Алыбаев: «Мен дагы убагында футбол ойночумун. Азыр жашым 50 жашка чыгып, жөн гана көрүү үчүн келдим. Айыл жаштарына 1995-жылкыларга ырахмат. Футбол талаасына жарык коюп беришти. Эми жаш муундарыбыз терс сапаттардан алыс болуп, ушул футбол талаасына кечкисин дагы келип ойной алышат. Негизи эле бул футбол ден-соолукка тийгизген пайдасы абдан жакшы эмеспи. Ал эми бүгүн атайын оюн уюштуруп беришти. Оюн аябай жакшы, жогорку деңгээлде болуп, жаш-карысы дебей ойношууда. Көрүп келген элдердин, катышуучулардын маанайы эң сонун. Уюштуруучуларга ден-соолук, эч оорушпасын, иштерине ийгилик».
Оюн учуру
Кечкисин балдар келип ойношот
Улуу кичүү дебестен оюнга кызуу кирген мырзалар
10дой команда ойношту
Оюн күн батканга чейин уланды
Акылай Болотбекова