Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында волейбол боюнча ири мелдештин баш байгесине автоунаа коюлуп, ал үч күнгө созулду.

Уюштуруучулардын бири Урмат Замирбек уулунун айтымына караганда, айылдын 1990-жылы туулган жигиттер мүчөлү жылына карата айылда кыз-келиндер арасында, ал эми эркектер арасында 35 жашка чейинки жана 35 жаштан жогоркулар арасында ири волейбол оюнун өткөрүштү. Мелдешке кыз-келиндерден турган 7 команда 2-январь күнү күч сынашса, 3-январь күнү түндин бир маалына чейин 35 жашка чейинки жигиттерден 15 команда жана 35 жаштан жогорку 10 команда кызыктуу оюн көсөтүштү. 4-январь күнү финалдык оюндар өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана баш байгеге «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү унаа коюлду.

Жыйынтыгында: кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр жана акчалай байгелер;
— 1-орунду 1987-жылкылар командасы багындырып, кубок жана 25 миң сом,
— 2-орунду 2006-жылкылар командасы ээлеп, 15 миң сом,
— 3-орунду Мукаш Базаркулов мектебинин окуучу кыздары командасы камсыздап, 10 миң сом менен сыйланды.


35 жашка чейинки жигиттер арасында жеңүүчүлөр жана акчалай сыйлыктары;
— 1-орунду 2001-жылкы жигиттер командасы багындырып, кубок, медаль жана 60 миң сом,
— 2-орунду 1993-жылкы жигиттер ээлеп, медаль жана 30 миң сом,
— 3-орунду 1998-жылкы жигиттер командасы камсыздап, медаль жана 10 миң сом,
— 4-орунду 2005-жылкы жигиттер командасы камсыздап, 5 миң сом менен сыйланды.

35 жаштан жогоркулар арасында жеңүүчүлөр жана баш байгеге коюлган унаа;
— 1-орунду 1984-жылкы жигиттер командасы багындырып, баш байгеге коюлган «Volkswagen Vento» унаасы, кубок жана медалдар,
— 2-орунду 1988-жылкы жигиттер командасы ээлеп, медаль жана 15 миң сом,
— 3-орунду 1989-жылкы жигиттер камсыздап, 10 миң сом жана медалдар,
— 4-орунду 1985-жылкы жигиттер командасы жеңип, 5 миң сом менен сыйланды.


Мындан тышкары, мыкты оюнчу, мыкты тосмочу, мыкты коргоочу, мыкты чабуулчу номинацияларында дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.




Барчын Мамытбекова