Ак-Талаа районундагы Кара Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара Бүргөн айылындагы айылдык китепканага өз өмүрүн китепканага арнаган Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды.


Иш-чарага райондук мамлекеттик админстрация, маданият кызматкерлери, аймактын тургундары жана Шаарбүбү Турдумамбетованын туугандары катышып, эмгек жолун эскеришти.

Айылдык китепканага ысымын ыйгаруу чечими 2025 жылдын 24 -апрелинде жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынган.
Барчын Мамытбекова