Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылында жол чырактары орнотулду.
Ушуну менен Суусамыр өрөөнүндөгү баардык айылдарда жол чырактары коюлуп жатат. Бул иш Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, каржыланды.
Кайсар айылынын башчысы Мырзакмат Кожоналиев бул иш тууралуу кененирээк маалымат берди:
«Бүгүн бардык прожекторлор коюлуп бүттү. Айыл өкмөт тарабынан 100 000 сом бөлүнгөн. Ошол акчага 20 прожектор алдык. 20 прожекторду эки көчөгө 10-10дон койдук. Бул жерде эч кандай нааразычылык болгон жок. Айыл өкмөттүн бюджеттинен бөлүнүп коюлган прожекторлор. Айыл өкмөтү негизинен ар бир айылга ушундай жарыктандырууну коюп жатат. Анан бул нерсе биздин айылга да келди. Мына эми толугу менен бүтүп, жарыктандырылып, жаркырап калды. Бул нерсеге эл ыраазы, айыл өкмөттүн иштеп жатканына рахмат айтып жатышууда.»
Кайсар айылынын тургуну Акишбек Сыдыков жол чырактарынын коюлушу биз үчүн жакшы болду дейт:
«Мына бүгүн акыркы прожекторлор коюлуп бүттү. Айылыбыз жаркырап калды. Түнкүсүн баса алчу эмеспиз, мал-сал айдай албай жаман болчу. Буйруса аябай эле жакшы болду. Караңгыда жарык болуп. Андан тышкары столбалар менен электр зымдары жаңы алмаштырылган. Айыл өкмөтү жакшы иштеп жатат. Буйруса айылыбыз алдыга карай өнүгүп келе жатат десем болот.»
Даярдаган: Назима Акишбекова