Лейлек районундагы Андарак айылында 2014-жылы коюлган жол чырактар бүгүнкү күндө иштебей турат. Иштебегенин себеби алардын лампалары жараксыз болуп калган.
Мындан эки жыл мурда орнотулган жол чырактарды айыл тургуну Кадыров Таалайбек өз эсебинен коюп берген эле. Жол чырактар күйбөй калгандыгына байланыштуу кечинде тургундарга кыйынчылыктар болууда.
Жол чырактар ар бир экинчи столбага коюлган эле. Жол чырактар тууралуу өз көйгөйүн айткан айыл тургуну Уулкан Турсункулова мындай дейт.
“Чырактарды адамдар столбалардан чыгарып кеткен. Биздин магазиндерге ар кандай кооптуу. Түндө уурулар бар. Бизге тийишкен адамдарга чырактар болсо аябай жакшы болмок. Жол чырактарды уурдап кеткендерди таап, жайына койсун мүмкүн болсо”, — деди Турсункулова.
Айылдыктар кечинде көчөдө жүргөндө таштарга жана башка нерселерге чалынышат. Жол чырактардын күйбөй жаткандыгы тууралуу Сумбула айыл башчысы Саид Самандаров оюн мындайча билдирди.
«Ал чырактар Кытайдан алынып келинген 2014-жылдын акыры 2015-жылдын башында коюлган. Ошондон бир жыл күйүп туруп, азыркы ошол чырактар күйбөй калды. Азыр бобордук көчө караңгы турат. Биз аракеттенип Таджикистандан лампаларды алып келип койсок, бири-бирине дал келбей ошондон күйбөй карангыда турат. Эми кудай буйурса жакын арада жаңы лампаларды койгонго аракет кылып жатабыз. Борбордук көчөнү жарыктандырып, мындан башка жаңы чыгарылган фирманын чырактарын койгонго аракет кылабыз”, — деп билдирди Самандаров.
Даярдаган: Нурислам Жанибеков
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн