“Бүткүл дүйнөлүк Балдардын укугун коргоо” күнүнө карата 2016-жылдын 24-майында Исфана шаарында өткөрүлүүчү “Сүннөткө отургузуу” аземине баруучу аз камсыз болгон жана сүннөткө отургузууга муктаж болгон балдардын тизмеси төмөнкүдөй.
Сумбула айыл аймагы боюнча жалпы 12 бала сүннөткө отургузуу үчүн чакырылган. Бул “Сүннөткө отургузуу” аземин Лейлек райондук админстратциясы уюштурду. Сумбула айыл аймагы боюнча балдардын тизмесин түзгөн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев мындай дейт.
— Сумбула айыл өкмөтү 2016-жылдын 1-июнь күнү «Балдардын укугун коргоо күнүнө» карата жогорку деңгээлде Лейлек райондук администрациясы тарабынан келүүчү каттын негизинде айылыбыздын жылдык иш чарасынын негизинде турмуштук оор кырдаалда жашаган үй-бүлөлөрдун балдарын сүннөткө отургузуу боюнча жогорку деңгээлде Исфана шаарында сүннөткө отургузуп жатабыз. Ошондой эле ал бадарды даярдоо үчүн ар бир балага эки жүз сомдон белек даярдап жатабыз. Ошондой эле балдарды укугун коргоо 1-июнь күнү айыл өкмөтүбүз тарабынан өткөрүлүүчү майрамдык иш чарада 187 социалдык турмушу начар баланы чакырып, ошолорго майрамдык иш чара кылып балмуздак жана белек-бечкек даярдап жатабыз. Алдарга белек даярдаганга 27 миң сом бөлүп бердик. Жетим балдар бар, томолой жетим балдар бар, алардын үчөө 18 жашка толуп мектепти бүтүп кеткен. Алардын экөөсү калган, ал балдардын 2000 сомдон берилет. Алар 18 жашка толгонго чейин банкта сакталып, 18 жашка толгондо өз паспоту менен алганга милдеттүү болот.
Даярдагандар: Нурислан Жанибеков, Данияр Бахридин уулу
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн