«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Амантур Ганыев аталган борбордун тренери Камбар Асан уулу уюштурган сынакта жеңүүчү болуп, смартфонго ээ болду. Жеңүүчүгө сыйлыкты Клооп медианын координатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.

Амантур Ганиев 9-классынын окуучусу. Ал бул сыйлык эсте калаарлык белек болгонун айтат. Ал сентябрь айында Камбар Асан уулу уюштурган тренингге катышып, жаңылык жазып, көп жактыруу алгандыгы үчүн смартфон утуп алгандыгын белгилейт.

“Бул сынакта мен өзүмө ишенип бир жаңылык жаздым. Бул жаңылыкты жазганымдын себеби элдердин канчалык купулуна толот деп мен ушул валейбол мелдеши боюнча жазгам. Бул сынака менден башкада катышуучулар болгон алардын жаңылыктарынан меники балл топтоп, мына ушул смартфонго ээ болуп турам”, — деп айтат Амантур.
Тренер Камбар Асан уулу сентябрь айында тренинг уюштуруп, октябрь айында сынакты баштаганын айтат.
“Бул сынак октябрь айында башталып, марттын аягында соңуна чыкты. Жалпысынан 37 окуучу катышып, арасынан Амантур Ганиев жеңүүчү деп табылды. Бул сынактын катышуучулары өтө пасивдүү катышып, арасынан 6 гана жаңылык жазды”, — деп айтат Камбар.

Жакында 1-июнда ушул эле смартфонго дагы бир сынак жарыяланган.
Манас атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Мусурманкул Алимбеков “мен да биринчи июнда баштала турган сынака кактышам, өзүм жанылык жазып смартфонду утуп алууга аракет кылам” дейт.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн