Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.
«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Амантур Ганыев аталган борбордун тренери Камбар Асан уулу уюштурган сынакта жеңүүчү болуп, смартфонго ээ болду. Жеңүүчүгө сыйлыкты Клооп медианын координатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.
“Балдар кышкы эс алууну кандай өткөрүүдө” деген жаңылыгы менен эң көп балл чогултуп, «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Пардаева Мохира жеңүүчү деп табылган.