“Балдар кышкы эс алууну кандай өткөрүүдө” деген жаңылыгы менен эң көп балл чогултуп, «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Пардаева Мохира жеңүүчү деп табылган.
Пардаева Мохира учурда Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде 10-классынын окуучусу.
“Мен чындыгында күткөн эмесмин жеңүүчү болом деп, анткени мага окшоп жаңылык жазган досторум көп болчу. Кубанычтамын Клооп медианын жалпы жамаатына жана Үч-Коргон мультимедиа борборунун координатору Атабек Ариповго да ыраазычылыгымды билдирем”, — дейт Мохира.
Мектеп окуучулары эртең менен 8:30да мектеп аянтына чогулушуп, жеңүүчү деп табылган Пардаева Мохирага Клооп медианын координатору Кызжибек Сыргаева смартфонду тапшырды. Жалпы мектеп оккучулары жана мектеп директору куттуктап жакшы каалоо тилектерин айтып өттү.
Аталган мектеп директору Рано Абидова Клооп медианын жалпы жамаатына өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, мындан кийин да колдон келген жардамдарын берерин айтып өттү.
Даярдаган: Сабыр уулу Шумкарбек
Сүрөттүн автору: Нусратуллаев Сайёдбек
Редактору: Комрон Мансуров
Сынак үчүн