Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 7-а классынын күчү менен даярдалган тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү.

Окуучулрды даярдаган класс жетекчиси Венера Жаманакова азыр балдар тамекинин зыяндуу жактарын көп биле беришпейт, бул тарбиялык саат таасир калтырды деп ойлойм деген оюн билдирет.
“Бул тарбиялык саатыбызды койгонубуздун себеби балдарга зыяндуу адаттардын бири тамекинин кандай жаман жактары бар экенин түшүндүрүү эле. Тарбиялык саатта окуучулар тамекинин зыяндуу жактарын чагылдырып, өздөрү да бул боюнча изденишип көп маалымат ала алышты”, — деп билдирди Жамаканова.

Мугалимдер берген маалыматтары кээ бир окуучуга таасир калтырып, окуучулар зыяндуу заттардан алыс болот деген үмүттө.

Мектеп окуучусу Каныбек Ишенбеков элдер тамеки жана башка зыяндуу заттардан алыс болуусун каалайм себеби зыяндуу жактары көп дейт.
“Тамеки — уу деген теманы тандап алганыбыздын себеби элдерди чылым чегүүдөн бир аз болсо да алыстатуу эле. Окуучулар тамеки жөнүндө өздөрүнө жакшы маалымат алышты деп ойлойм. Тамеки чегишпесе ден-соолугу чың болуп, өпкөсү да таза болот», — деди мектеп окуучусу Каныбек.
Даярдаган: Сауле Асанакунова
Редактору: Айдай Амантурова
Сынак үчүн